super.kg logo

Өзгөндө 5 миң долларга жаңы төрөлгөн наристени сатууга аракет кылган эки эне кармалды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 миң долларга баласын сатууга аракет кылган эки эне кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азият улутундагы аял өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатып пайда көрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"21-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө 23 жаштагы аял эркек бала төрөгөн. Ал баланы сатууну пландап, ага мурда сот жообуна тартылган 45 жаштагы А.Э. аттуу аяш энеси көмөктөшүп, аял ымыркайды 5 миң долларга соодалашып сатып жаткан учурда кармалган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы каралып ымыркайдын энеси К. кызы К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал эми ортомчу болгон А.Э. эки айга камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.01.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шумдуктуулар.
24.01.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энени актабайм, бирок... балдар уйуно тушкончо 5000 доллар толой алган уй булодо калса жаман эмес го. балалуу болуш учун канча операцияларды, даарыланууларды, эко кылдырып жатышат, а бул жерде даяр бала. торогон эне деле жыргаган жашоосунан мындайга барбаса керек.5000 моралдык, материалдык, физикалык чыгымдарын толтурат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: