super.kg logo

Министрлик: "Коронавирустун 39 түрү бар. Анын ичинен алтоо адам үчүн кооптуу"

 

Бүгүн, 24-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирус оорусу тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.

Жыйында Кытайда тарап жаткан коронавирус оорусу Кыргыз өлкөсүндө катталбаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

"Негизи коронавирустун 39 түрү бар. Алар мышык, ит сыяктуу жаныбарлардын арасында тараган. Бул вирустун 6 түрү адам үчүн кооптуу болуп саналат. Окумуштуулар коронавирус оорусу адамдан адамга жугат дегени менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маалыматты тастыктай элек" , - деди Жороев.

Мындан тышкары, Жороев өлкө ичинде сасык тумоого каршы 150 миң вакцина бар экенин белгилеп өттү.

"Мындан беш жыл мурда 20-24 миң гана вакцина алчу элек. Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо маселесин орчундуу деп, жыл сайын көлөмүн көбөйтүп келет. Анын негизинде тендер аркылуу 150 миңден ашык вакцина сатып алдык. Чындыгын айтыш керек, бул вакцина баарына жетпейт. Болгону тобокелдикке кирген кишилердин 23 пайызын гана камтыйт. Бизде 650-700 миңге жакын адам тобокелчилик тобуна кирет", - деди ал.

Жыйынга министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, Республикалык жугушту оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жана Санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Зинат Бейшебаева катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.01.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отура бергиле тастыктала элек деп оозунарды ачып
24.01.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек араны жапкыла эй акылсыздар!!! Эгер бизден чыкканда мындай вирус бут коншу мамлекеттер чек араларын жаап алмак, аэропортторунан текшеруу жургузмок эмес. Шарт эле жаап алмак чек араларын. Ошентип олко карантинде калмак.
Силер да жапкыла чек араны.
24.01.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаңы пайда болгон белгисиз оору дешип атышпады беле, анан эми түрү менен белгилүү болуп калдыбы. Бүткүл дүйнөлүктү эмне кылышат, анда кишиден кишиге жукпаса Кытайда, Японияда, Кореяда эмне болуп атат. Ушу биздин чиновник министрлерибиз аман эле болушсун да, эмне деп айтаарыңды деле билбейсиң, кыскасы сөз жок. Же элди ушунчалык келесоо ойлошобу, ушинтип койсок жүрө беришет деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: