super.kg logo

Жугуштуу вирустун айынан Хубэй провинциясындагы 10 шаар жабылды

 

Хубэй провинциясында жайгашкан 10 шаарда жугуштуу вирустун кесепетинен коомдук транспорттор токтотулду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, вирустун кесепетинен Ухан, Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин шаарларында дагы коомдук транспорттор токтотулган.

24-январга карата алынган маалыматтарга ылайык, жугуштуу вирус менен жапа чеккен адамдардын саны 830га жетсе, каза болгондордун саны 26га жеткен деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул жугуштуу вируска каршы көпчүлүк өлкөлөрдө алдын ала сактануу үчүн түрдүү текшерүүлөрдү өткөрүп жатышат. Ал эми Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты. Кытайдан келген, тагыраагы, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамынын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан медицина кызматкерлери текшерүүгө алып жатат. Пневмония оорусун чакырган коронавирусу күч алгандыктан, санитардык карантин пунктунун адистери күнүгө жүргүнчүлөрдү тепловизор (дене табын өлчөп, инфекциялык ооруга чалдыкканын текшерүүчү шайман) менен текшерип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.01.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аллах озу сактасын. Кана эми кытайлар кырылып. Жерлер бошоп калса.оздору кене кесир жайгашып.
24.01.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
souza.j,Бир созун экинчи созуно каршы келет экен!Бекерчиликте отуруп алып бироого олум тилегенче озуно омур тилесен болмок! Жараткандын атын жазып антип суйлобо.Мусулмандар бироого кыянат кылышпайт!Сага окшогон чала молдо дин бузарлар динди жаман корсотуп жатышат!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2020-01-24 15:28:37
24.01.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
souza.j,тообо аябай каргаганга устасын го. Кудайым шыпаа берсин. Бирок ушул менен акылына келишсе болмок. Булар канчалаган мусулмандарды лагерге камап кун корсотпой жатышат
27.01.2020. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алланын Динине каршы чыккандар эчкачан жарылган эмес!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: