super.kg logo

"Кытайдан келген жарандарыбыз ал жакка барып келгенин ачык айтса жакшы болмок" дейт дарыгер

 

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алуу учурлары катталса, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы бейтаптарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат жыйында билдирди.

"Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы декабрь айынын аяк ченинен баштап даярдыктарды көрө баштаган. Себеби ушул айда Кытайдан коркунучтуу оору чыгып жатат деген маалымат түшкөн. Бизде коркунучтуу ооруларга карата пландар бар. Коронавирус боюнча дагы өзүнчө иш алып барып жатабыз. Клиникада ушундай учурлар үчүн атайын бөлүнгөн палаталар бар. Вирусту жуктуруп алуу учуру катталса, бейтаптар башкалардан изоляцияда кармалат. Ошондой эле аларды ташуу үчун бокс-камераларды алдык. Коронавирус оорусун дарылоо кадимки сасык тумоодой эле жүргүзүлөт. Кызматкерлерди да даярдап, аларга сактоочу кийимдерди алып, даярдап койдук. Бүгүнкү күндө ооруканага коронавирус оорусун жуктуруп алууга шектелген бейтаптар келген жок. Кытайга барып келген жарандарыбыз ал жакка баргандарын ачык айтышын суранып кетет элек", - дейт Аалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.01.2020. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка мамлекеттердей эле граница дан отоору менен же учактан тушоору менен текшергиле!Азыркы заманда эч ким эчнерсе айтпайт!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2020-01-24 15:21:06
24.01.2020. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарандарыбыз оздору айтат деп кутуп отура бергиле! Эчнерсе болбосун! Эгер болуп кетсе,бизде куноо жок оздору айтпады деп кутулуп кеткиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: