super.kg logo

"Бахтан баштап Пьяццоллага чейин". Классикалык музыка кечесинин башкы демөөрчүсү Elite House болду

 

Бишкектеги маданият айдыңында дагы бир көрүнүктүү иш-чара орун алды. Ушул жылдын 23-январында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониясында "Бахтан баштап Пьяццоллага чейин" аталышындагы уникалдуу классикалык концерт өттү.

Бул концертке Москвадан эл аралык сынактардын лауреаты Алексей Балашов келди. Ошондой эле Кыргыз Эл артисти, дирижёр Эрнис Асаналиев жана көркөм жетекчинин жетектөөсү менен президенттик "Манас" камералык оркестри сахнага чыкты.

Классикалык музыканы баалагандар үчүн Иоганн Себастьян Бах, Карл Филипп Эмануэль Бах, Антонио Паскулли, Владимир Дашкеевич жана Астор Пьяццолланын чыгармалары жаңырды.

Бул концерттин башкы демөөрчүсү Elite House компаниясы болду. Компаниянын жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык программасынын алкагында билим берүү, спорт, маданият жана искусство тармагындагы долбоорлорду колдоо каралган.

Классикалык музыкалык кеченин алып баруучусу Керим Шатманов болуп, иш-чаранын башкы демөөрчүсүнө ыраазычылык билдирди.

"Бизге музыкант Алексей Балашов экинчи ирет конок катары келип жатат. Бул концертти уюштурууну мурда эле пландаганбыз, бирок эми ишке ашып турат. Менимче, музыкалык иш-чара шаар тургундарына, меймандарына кубаныч тартуулады. Биздин маданий иш-чарабызды өлкөдөгү Elite House алдыңкы курулуш компаниясы колдогонуна кубанып турам. Мыкты курулуштарды жасаган компания маданий, деги эле бардык долбоорлорду колдоого алганы эки эсе кубандырат", - деди Шатманов.

Алексей Балашовду бекеринен гобой аспабынын виртуозу деп аташпаса керек. Ал тургай, италиялык скрипач Никколо Паганиниге дагы теңеп келишет. Балашов өз ишинин чебери, көрүнүктүү музыкант. Ал дүйнө өлкөлөрүн көп кыдырат, бир катар эл аралык музыкалык сынактардын лауреаты.


кошулду





Керим Шатманов классикалык музыка кечесинин башкы демөөрчүсүнө ыраазычылык билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
24.01.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ламборджиниге тулоо откорсо керек да елит хаус
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: