Окуучунун идентификациялык номурун кантип алса болот? Көп берилген суроолорго Мамкаттоо жооп берет

Билим берүү мекемелеринде маалыматтык системдер киргизилгенине байланыштуу калкты тейлөө борборлоруна баланын жеке идентификациялык номурун алуу боюнча кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришет.
Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар тарабынан көп берилген суроолорго карата жоопторду даярдаган. Калкты тейлөө борборуна кайрылардан мурда бул жоопторго көңүл буруңуздар:
1. Эгерде мурда балага жеке идентификациялык номер алган болсоңуз, калкты тейлөө борборунун операторуна кайрылып, маалымкат сураңыз, оператор сизге маалымкат чыгарып берет. Маалымкатка мөөр басылбайт.
2. Эгерде балага жаңы үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе (2016-жылдын 1- декабрынан кийин) же балага жалпы жарандык паспорт алган болсоңуз, ушул документтерде баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн. Бул учурда документтин көчүрмөсү жетиштүү.
3. Балага жеке идентификациялык номер алуу боюнча биринчи жолу кайрылып жатсаңыз:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин (атасынын же апасынын) паспорту жана көчүрмөсү тиркелген арыз (ордунан толтурулат) менен кайрылышы керек.
Жеке идентификациялык номер ыйгаруу акысыз жүргүзүлөрүн Мамкаттоонун басма сөз кызматынан кошумчалашты.





1 |