26-28-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, ашууда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Аба ырайы тууралуу маалымат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы тууралуу бир аптага маалымат таратты. Ага ылайык, 25-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт.
26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
27-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда күндүз жана 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
29-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-январда айрым райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
30-31-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.
Куткаруучулар кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин айтып, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сак болууга чакырат.
26-январдан 28-январга чейин күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
кошулду



