Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү

Бүгүн, 24-январда Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, бул акция Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана эки басмакананын көмөгү менен ишке ашкан.
"Аркус" жана "Кутаалам" басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана "Алиппе", 50 даана "Мекен таануу", 40 даана "Математика", кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин, 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Алайдагы Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Харыбек Алимсеитов мектебинде 36 этникалык кыргыз билим алууда.




Баса белгилеп кетчуу нерсе динди карманышканы учун☝️ кыздары ыйбалуу чоочун эркекке тике карашбайт, сойкулук жок, адал тамактанышат, зынаа жок , дили таза адамдар, алардын келечеги бар!