super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Бала бакчанын жоктугунан 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт"

 

Бала бакчанын жоктугунан 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында билдирди.

"2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп жарыяланды. Бардык багыттар боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Шаардын жана аймактардагы айылдардын айырмасы болбогудай кылышыбыз керек. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, социалдык объекттерди куруу, өлкө боюнча интернетти киргизүү иштери жасалып жатат. Республиканын бардык булуң-бурчунда заманбап, жогорку деңгээлде окуткан мектептер, ооруканалар жана бала бакчалар болушу кажет. Биздин жарандарыбыз, айрыкча балдар өздөрүн камкордуксуз сезбеши керек. Бүгүн бала бакчанын жоктугуна байланыштуу 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт. Бул маселени чечүү боюнча күн сайын иштер жасалууда. Акыркы эки жылда эле 200дөн ашуун мектеп жана бала бакча курулду", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: