super.kg logo
  Саясат  

Президент ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өткөн 2019-жыл ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгы жана евразиялык интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгына арналган ири иш-чараларга бай болгондугун белгиледи. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ жаш жана тез өнүгүп келаткан интеграциялык уюмдардын бири болуп, ага мүчө-мамлекеттердин көптөгөн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырып жатканы байкалганын айтты.

Жээнбеков Тигран Саркисяндын ЕЭКтеги төрагалык кылган мезгилинде Кыргыз мамлекетинин ветеринардык көзөмөлдөө системи жөнгө салынганын, пенсиялык камсыздоо макулдашуусу боюнча маселе чечилгенин жана евразиялык интеграция маселелери боюнча башка бир катар маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынганын белгиледи.

ЕАК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ал иштеген убакыт ичинде көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн президентине ыраазычылык билдирди.

Төрага Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ алкагында көтөргөн демилгелери биримдикке мүчө бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоого жана Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: