super.kg logo

Меган Маркл дүйнө жүзүн кыдырып, кайрымдуулук жасаган кадрларын чагылдырган сүрөттөр менен бөлүштү

 

Британиянын ханзаадасы Гарри менен актриса Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартышкан болчу. Меган Маркл ханзаада Гарриге турмушка чыга электе эле социалдык долбоорлор менен иштеп, кайрымдуулук акцияларына катышып келген жана ал бул ишин турмушка чыккандан кийин деле таштаган эмес. Бул тууралуу ал 24-январда Меган Маркл социалдык тармактагы баракчасына кайрымдуулук иштерин чагылдырган сүрөттөрү менен бөлүштү.

"Маркл бала кезинен оюн ачык айтууга, максаттарын ишке ашырууга көнгөн. Ал чоноюп, актрисалык кесипти аркалап, атактуулукту багындыра баштаганда дагы ички туюмун толкунданткан сезимдерин унутта калтырган эмес. Маркл кичинекей кезинен кайрымдуулук иштерине абдан кызыкчу", - деп жазышууда маалымат каражаттары Марклдын жакын туугандарынын айтканына таянып.

2016-жылы Маркл Руанда, Африка өлкөсүндө кыйналып жашаган калың элдин таза суу маселесин чечүүгө көмөк көрсөткөн. 2017-жылы ал Индия жана Африка өлкөлөрүн кыдырган. Ал эми калган сүрөттөр анын кайрымдуулук иштерди күйөөсү Гарри менен чогуу жасаганын чагылдырат.

"Көп жылдан бери Меган Маркл кайрымдуулук иштерине кайдыгер карабай, аны менен алектенип келет. Маселен, жакыр балдардын мектепке баруусун камсыздап, таза суу көйгөйү сыяктуу маанилүү жумуштарды жасаганын билебиз", - деген сыяктуу комментарийлер жазылган анын жарыялаган сүрөттөрүнүн алдына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.01.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Molodes ushu kyzdy maktasa bolot, abdan skromnaia
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: