Салык кызматы: "Өлкө аймагында өндүрүлгөн аракка болгон баа жогорулады"
Өлкө аймагында өндүрүлгөн аракка болгон баа жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баа белгиленгендигин билдирет.
Минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген. "0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт мурун бул сумма 81 сом болгон, 2021-жылы – 114 сомду, 2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт. 0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом, мурун бул сумма 90 сом болгон. 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, ал эми 2023-жылдан баштап - 145 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Негизи арактын эч кандай зыяны деле жок, эгер чеги менен ичсенер. Озгочо грипп болгондо 200-300гр ичип койсонор жакшы болуп каласынар. Азыркы дарылардан эч пайда жок. Болгону аракты кууп ичпеш керек. Спиртсиз тойлор кызыксыз болуп калат. Ичип койсо эч теке болбойт.