super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Чек араларда 11 санитардык карантин пункту иштеп жатат"

 

Кыргыз мамлекетинин, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларында 11 санитардык карантин пункту иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган министрлик коронавирус Кыргыз өлкөсүнүн аймагында каттала электигин эскертти. Кечээ, 25-январда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "Манас" аэропортундагы санитардык карантин пункттарын текшерди.

Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тарта, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.

Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга барбай туруусун сунуштаса, Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирустун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө үчүн штаб түзүлгөнү белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
26.01.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убактылуу границаны жабып тургула, Кытай тарап капа деле болойт тушунуу менен кабыл алат деп ойлойм. Бирок границаны жапсак биздин экономикага залалын тийгизет чондорубуз ошол жагын ойлоп жататко.
26.01.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kuttubekuzgen, Тескерисинче Кытайдан товар келбей өзүбүздүн ата мекендик өндүрүшчүлөргө жакшы болмок. Өзүбүздон деле көп нерсе чыгат.Байпак,ич кийимдер,тамак-аш, кийим кече баары эле бар бизде. Кондитердик азыктар РФ, Казакстан, Украина, Беларустан келет.
Absamat-90 түзөттү 2020-01-26 14:01:04
26.01.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+ бассам деп - басып алдым кечирес
26.01.2020. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каттала элек деп эле басып жүрүшөт качан катталганда анан жабасынарбы.
26.01.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убктылуу жап турса болмок биздин чон соройлор или талап кылышыбыз керек кудай сактысын
anash түзөттү 2020-01-26 12:52:57
26.01.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыландардан жуккан дегенге ишенбейм,кайра элдер жылан менен дарыланат го,атайын эле ойлоп тапкан вирус болсо керек.
26.01.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр кытайлардын майрамы болуп кытайдын жарымы кетти.Эртен кайра бардыгы кайтат убактылуу жаап турса болмок
26.01.2020. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондор бизде катталып,кырыла баштаганда кочугун которобу?Жапкыла озубуз кенедей калк болсок оло тургансып чонтогунорду ойлоп отурасынар
27.01.2020. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пунктардын иштегени канчалык даражада экен суротторду кошо жуктоп койсо болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: