Жогорку Кеңеште кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген кызматкерлердин макамын согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушу киргизилди
Жогорку Кеңеште кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген кызматкерлердин макамын согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушу киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматов. Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин макамын согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө. "Кыргыз мамлекетинен Ооганстанга ушундай тапшырма менен 5 кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Mister-X

27.01.2020. 01:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясий иштерди жасаган инсандар жадан эле байлар болгон. Акчаны кайдан, кантип алышты билбей жаны закон киргизейин деген го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.