super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

 

Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Мессенжерлер аркылуу тарап жаткан республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат калп. Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата Республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат. Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;

Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;

Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;

Эт жана жумуртканы жакшылап бышырып колдонуу;

Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;

Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
27.01.2020. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо жамааттары , эгер поникалап продуктулардын баасын көтөрүшүп жиберсе , ошону көзөмөлдөгөн уюм болобу?
27.01.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жылынын эле этин жей беришибиз керек анча мынча ооруну таасир эттирбейт. Биз озу жылынын этин жегенибиз учун кучтуу журобуз
27.01.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Benazir08,жылы деген эмне Жылкы эмеспи
27.01.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корона вирусуменен баарыле ооруйт аны өздөрүдөда түшүнбөйт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: