super.kg logo

"Коронавирус бир ордунда турбайт, ал дайыма мутация болуп турат" дейт Эпидемиологиялык башкармалыктын башчысы Абдыкадыр Жороев

 

"Коронавирус бир ордунда турбайт, ал дайыма мутация болуп турат". Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Ал коронавирустун 39 түрү бар экенин, бул вирус көбүнчө жаныбарларда болуп, коронавирустун 6 түрү адам үчүн кооптуу экенин айткан.

Учурда социалдык тармактарда адамдан адамга, азык-түлүктөн, деңиз азыктарынан, почтадан келген товарлар аркылуу жугат деген сөздөр тарап жатат. "Бүгүнкү күндө ушундай жол менен жуккан маалыматтар такталган жок. Вирус ордунда турбайт, дайыма мутация болуп турат. Кытай өкүлчүлүгүнөн алган маалыматтарга ылайык, окумуштуулардын тыянагы боюнча жарганаттар инфекцияны алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн. Жарганаттан жыланга жугуп, ал жыландан жарандарга жуккан деген өздөрүнүн тыянактарын берип жатат. Бирок бул тыянак деле бүгүнкү күндө такталган маалымат эмес. Коронавирус жылда ар кандай түрү менен тарайт. Мисалы, 2012-жылы Арабияда коронавирустун жаңы түрү пайда болуп, анын инфекциясын алып жүрүүчү катары төөдөн жуккан жолдору такталган, бирок адамдан адамга жуккан жолдору такталган эмес. Ошондуктан коронавирус эртең өзгөрүп, мутация болуп кетпейт дегенге эч ким кепилдик бере албайт. Орусияда, АКШда ушул жаңы чыккан типтеги коронавируска вакцина иштеп чыгуу маселеси каралууда. Бул вакцина иштелип чыга турган болсо, кеминде 6 айдан кем эмес убакытта иштелип чыгат. Буга аябай көп каражат жана көп убакыт керек", - деди Жороев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: