super.kg logo

Сапар Исаков: "ЖЭБ жаңыланганга чейин ага жылына 400-500 миллион сомдон каражат жумшалчу"

 

Бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ жаңыланганга чейин ар бир күз-кыш жылуулук мезгилине даярдануу үчүн гана жылына 400-500 миллион сом каражат коротулуп турганын айтты.

"Иштин жагдайлары тууралуу айтып кетейин. Бишкек ЖЭБи 1961-жылы ишке киргизилген. 1995-жылдан баштап ЖЭБди модернизациялоо үчүн инвестиция булагын издеп башташкан. Бирок андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Акыркы кезде өлкө ЖЭБди сезонго даярдоо үчүн гана жылына 400-500 миллион сом жумшап турчу. Бул реконструкция эмес, оңдоп-түзөө эмес, бул кезектеги сезонго даярдык көрүү үчүн кеткен каражаттар эле. Андыктан бул жагдайларды эске алуу менен масштабдуу түрдө инвестиция булагын издөө иштери башталган.

Мисалы, 2008-жылы Нариман Түлеевдин ЖЭБди жарым-жартылай реконструкциялоо үчүн 500 миллион доллар керек деп жазган каты бар. 2008-жылы ушундай сумманы эсептешкен. Биз жеңилдетилген насыяны өлкө бюджетине оор болуп калбасын деп издегенбиз. Болбосо башка насыяларды алганда электр энергиянын тарифин көтөрүш керек болуп калган. Бул биздин өлкө үчүн аткарылбаган шарт эле. Анткени баарыңыздар билесиздер, 2010-жылы электр энергиянын тарифин көтөрүү ыңкылаптын болушунун себептеринин бири болгон", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
27.01.2020. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапар 111 млн доллар кана? Каяка каткансың?
27.01.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошонун баарын бир кылып өзүм эле жеп алайын дедиң беле?
27.01.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А офшорго которулду деген акалар кайда? Ал тууралуу качан маалымат берет Сапар Исаков?
27.01.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
убагында М.Бакиев тэцти реконструкциялоого 150 млн го суйлошуп келген, переворот болуп, торт жылдан кийин бул вопрос кайра которулгон. 4 жылдын ичинде почти 3 эсеге которулуп кетуу чындыка жатпаган маселе. болгондо да 30% гана буткон, билбеймин кайсы бет менен коррупция болгон эмес деп айта аласынар...
27.01.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапарды сыйлачумун бирок шайлоодо эки жузду болгондон кийин сыйлабай калгам Бабановду калп карало кылганы учун бирого бир жамандык кылсан озуно тийет деген созго ишенип жур.
27.01.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болбочу Сапаш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: