super.kg logo

Жайыл районунда дайынсыз жоголгон эки кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди

 

Чүйдүн Жайыл районунда дайынсыз болуп жаткан 2 кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жайыл РИИБине 52 жаштагы И.Х. арыз менен кайрылган. Арызда 20 жана 15 жаштагы кыздары 23-январда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал алгач кыздарын өз алдынча издеп, андан соң милицияга кайрылып жатканын билдирген.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу кыздардын жүргөн жерин аныктап, аларды 2 сааттын ичинде таап, ата-энесине өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: