super.kg logo

Коронавируска байланыштуу Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы бардык каттамдар толук токтотулду

 

Өкмөттүн кезектеги жыйынында Кытайдан чыккан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан Кытай Эл Республикасында түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чукул чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулуп, бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылды. Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда", - деп жазылат маалыматта.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
27.01.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мухамедкалый мырза сөздү аябай айландырыпсызго, тарс эле айталбайсызбы жабылды деп????
27.01.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Agayu,ай ушуга көзүм жетпейт
27.01.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Agayu, ушунча иштеген учун чаралар корулуп жатат.Отуруп алса эмне кылат элек унчукпай.
27.01.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Absamat-90,Кытай тарап жапкан жаңы жылына карата анан аны тигини жапты кылып салды
27.01.2020. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ансыз деле Кытай жапкан майрамына карата.Алар ачканда жапсанар ошондо коробуз кыйындыгынарды.
27.01.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эгер чын болсо анда жакшы
27.01.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өкмөт колунан келген эле ишти кылып жатат. Чек ара жапкыла дейсиңер анда башкалары ачпайсыңарбы деп айтып чыгат.
27.01.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылда эле Кытайдын жаны жылына карата жабылат го.
27.01.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Продукцияларын да киргизбешибиз керек, ал ооруу буюмдардан да жугат экен.
27.01.2020. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сактанганды кудай сактайт сакатналы ооруу оздоруно насип этсин
27.01.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат авиакттамдыда токтоксонор еми зор болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: