super.kg logo
  Спорт  

Хоккей боюнча жаш балдар арасында турнир өтүп, "Алга 1" командасы жеңүүчү аталды

 

24-январь күнү "Дордой Плаза" соода-көңүл ачуучу борборунда 5-7 жаштагы балдар арасында хоккей боюнча чемпиондук болуп өттү. Анда 3 командадан турган 24 бала биринчилик үчүн күч сынашты. Жаш болгонуна карабай оюнчулар кызыктуу оюн көрсөтө алышты. 2 саат бою муз аянтында кызуу беттеш жүрүп, финалда чемпиондорду аныкташ үчүн убакыт да кошуп берүүгө туура келди. Ал эми күйөрмандар жана ата-энелер шамал болгонуна карабай оюнчуларды колдоп, сүрөп жатышты.

"Балдар үчүн мындай мелдештер керек. Анткени мелдештер балдардын өзүн коргоосун, чабуулун курчутат, жеңиш болсо алардын өзүнө ишенимин арттырып, мотивация берет. Алар өздөрүнүн жөндөмүн баалаш үчүн ар бир турнир, чемпиондукту күтүшөт. Бүгүнкү беттеш генералдык даярдык болду. Анткени 25-январь күнү бизде Алматынын командасы менен оюн болуп өттү", - дейт балдардын машыктыруучусу Ринат Мустафаев.

Оюндун жыйынтыгында бардык атаандаштарынын сазайын берген "Алга 1" командасы чемпион болду. Жеңүүчү менен катышуучуларга уюштуруучулар жана иш-чаранын демөөрчүлөрү тарабынан белектер тапшырылды. Турнирден тышкары хоккейчилерге бий оюндары уюштурулуп, келечектеги чемпиондор оюнундан кем калбаган бий өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эске салсак, турнирдин негизги максаты жеңүүчүлөрдү аныктагандан сырткары хоккейди, дени сак жашоону жайылтуу, ошондой эле балдар жана жаштарга тиешелүү социалдык маселелерди чечүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: