super.kg logo

Матраимовдор "24.kg" сайтына койгон материалдык доосунан баш тартты. Аталган сайт далилсиз макала жарыялаганы үчүн төгүндөө чыгармак болду

 

Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "24.kg" сайтына койгон 15 миллион сомдук материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "24.kg" сайты буга чейин жарыялаган макаласы далилсиз болгону үчүн төгүндөө чыгарат.

Буга чейин 20-январда болуп өткөн соттук отурумда "24.kg" сайтынын өкүлү Матраимовду коррупцияга күнөөлөп жарыялаган материалы боюнча далили жок экенин айткан.

Матраимовдор "Азаттык", "Клооп", "24.kg" сайттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.

Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.01.2020. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
24.кг бир кадам артка таштаптыр да.
27.01.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Матраимовду каралоо бир гана Атамбаевдин саясий кызыкчылыгы болуп жатканы баарыбызга белгилуу бирок эмнеге 6-жыл чогуу таможняны тоноп АША Раимди ай сайын саан уйдай саап туруп бугунку бийлике жармаштырып жатат, Раим 6-жылда миллионер болгон болсо, Атамбаев мультимиллионер болду
27.01.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эгер маалымат так болсо баш тартпаса керек эле журналисттер.
27.01.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Absamat-90,саймати олуп кетсе каяктан табат далилди
27.01.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Демек 24 kg да бирөөнүн заказын аткарган артка чегинип калыптыр
27.01.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Раим Ашанын убагында иштегенине карабай жооп бериши керек,кимдин убагында иштеген айырмасы жок,откондо айтты абдыраз фирмасы олкого 6 миллиард сом зыян кылган деп,Дубайдагы этаж боюнча изилдеш керек,анан кошоматчылар Раимды эч ким Сокеге жармаштырган жок,бирок азыр президент Соке да жоопкерчилик анын колунда да,анда Ашанын убагында кылмыш кылгандардын баарын бошотуп коюш керек,кылмыш кимдин убагында кылынбасын ал эскирбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: