super.kg logo

Жылдыздарда кышкы каникул. Ырчы Дилшат Кангелдиева тарыхый жайлары үчүн Түркияга токтолсо, Айнура Салахидинова жылуу Египетти тандады

 

Кыштын ызгаарында тойлор азайып, ырчылардын "сезону" солгундай түшөт. Учурдан пайдаланып жылдыздар чогулткан акчасын түйүнүп, чет өлкөгө эс алууга чыгууну адат кылып башташты. Бул ирет Дилшат Кангелдиева Түркияга сапар алса, Айнура Салахидинова Египетте саякаттап жүрөт. Ырчы айымдар SUPER.KG порталына кышкы эс алуулары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып беришти.

"Учурда Түркиянын 7 шаарын кыдырып жүрөм. 1990-жылдан бери гастроль менен Түркияга келип, көп шаарларын кыдырып келгем. Быйыл биринчи жолу атайын эс алуу үчүн убакыт бөлүп, көрө элек тарыхый шаарларына саякаттап келүүнү чечтим", - дейт Дилшат Кангелдиева.

Ал эми Египетте эс алып жаткан Айнура Салахидинова шеринелеш достору менен саякатка чыкканын айтат. "Биздин көп жылдан бери келаткан шеринебиз бар. Ай сайын чогулуп, чер жазып турабыз. Быйылтан баштап шеринелештер жылына бир ирет чет өлкөгө саякатка чыгууну салтка айланталы деп жатабыз. Андыктан биринчи эс алуубузду жылуу Египеттен баштадык. Шеринебизде чыгармачыл адамдар да бар. Бирөөсүнүн клип тартуучу студиясы болгондуктан, эс алганча клип тарттырайын деп жатам. Ошондой эле бул жакта 29-январда кофе фестивалы өтөт. Ал жак менен келишим түзгөм. Буюрса, фестивалда ырдайм", - дейт Айнура Салахидинова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
28.01.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылардын каерде жургону кимге кызык.Мага демектен Уханга кетип калбайбы биринен бири мактаныштыго
28.01.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кийет дезе эле шымды дынкыйтып кийип алат аялдар...Айнурага жарашса олойун...бардык жери билинип,уч бурчтук,торт бурчтук болуп.
elmira. түзөттү 2020-01-28 15:09:51
28.01.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
elmira.,Туура айтасын, бардык чуңкур жердин баары көрүнүп, кичине болсо да бекитип жүргүлө да
28.01.2020. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Троядагы ат го э.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: