super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырга байланыштуу Баткен облусунун тургундары чек ара маселелерин көтөрүп, бийликке талаптарын айтышты

 

"Кыргыздын жерлерин тажик тарап арык чаап атып эле алып коёт". Бул тууралуу Баткен районунун Актатыр айылынын тургуну Азизбек Салибай уулу билдирди.

"Кыргыз-Тажик чек ара маселеси бүгүн же кечээ пайда боло калган жок. Бул тээ илгертеден бери чечилбей жаткан меселе. Эмне үчүн бийликке эл ишенбейт? Анткени Лейлек районундагы фарфор алынган тоону, Үч-Дөбө айылындагы жерди бир алдырып жиберишкен. Ошондой эле 2013-жылы Төрт-Көчө айылындагы жесир аялдын үйүн тажик тарап "үйүндө курал бар" деп өрттөп салганда дагы биздин бийлик үн каткан эмес. Ал эми тажик тараптан эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ак-Сай айылында канча деген октор атылды. Ага дагы эч ким жоопкер болгон жок. Болгону ок тийген адамга 8 миң сом компенсация берилген экен.

Өткөндөгү орун алган чек ара чырынан кийин камалган 4 жаран боюнча айтсам. Алар тажиктерден күйүп жаткан үйүн коргогону үчүн милицияда сурак берип жатышат. Биздин Төрт-Көчө айыл аймагында мыйзамсыз курулушту тажик тарап баштаган. Мен кичине кезде ал жер кыргыздарга карачу. Тажик тарап арык чаап атып эле талаш жерге айланып калды. Ушундай иштер болуп жатса, бийлик татыктуу чара көрбөсө, кантип биз бийликке ишенебиз? Анан вице-премьер Жеңиш Разаков бизди акчага сатылып кетти деп жатат. Разаков кечирим сурасын жана отставкага кетишин талап кылабыз. Экинчи талап Лейлек, Актатыр, Ак-Сай айыл аймактарындагы үлүш жерлер бар, ошого бизди үй салдырганга уруксат берсин. Биз ошол жакка үй салып, чек араны кайтарышыбыз керек", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
28.01.2020. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баткен эли тажиктердин провокациясына алданып ушундай талаптарды айтып жатышат.
29.01.2020. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaznura, кыкты же
28.01.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тажиктер атайын эле провокация кылып бизди уруштуруп коюп жатат. Алар оңой метод таап алышты акмактар.
28.01.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиден Айбек мырза сиз айтып жаткан жуйолор туура бирок. Лейлектеги фарфор чыккан тоону бакиев берген,2013-жылы жесир аялдын уйу орттонгондо ким турду эле бийликте. Эмне ошондо айтпадынар? Оозунарга талкан салып. Баарын чогултуп маселенин азыркы бийликтин алдына жайып жатасынар. жебеген самсага пул толо дегендей кылып. Темирди ысыгында бас деген. Фарфорду кезинде айтсанар азыр 49 жылга берилбей элде калмак да. Аны Мадумаров эн жакшы билет!
Absamat-90 түзөттү 2020-01-28 16:10:01
28.01.2020. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким келсе чечиш керек,шайлоодо убаданы берген ойлонбой, колдон келсе элдин мудоосун алыш керек,ким куноолу болсо тактап Адаханыбы Женишиби андан мурдагысыбы жоопко тартыш керек бул экинчи маселе, биринчи маселе тактап тосуп алмаша турганды алмаштырып бутуруш керек эн башкысы калганы анан боло берет айта берсе соз коп.
29.01.2020. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликке болгон ишеним дээрлик жок. Курсагы тойгонуна ыраазы болуп эле калышкан. Курсак ток кайгысы жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: