super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү? Осмоналиев: "Президент чечкиндүү аракетинен кайткандай элес калтырды"

 

Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бүгүн, 28-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынынын чечимине кол койду. Анда айрым министрликтердин, мекемелердин жетекчилерине чараларды көрүү сунушталды. Ошону менен катар эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев чара жетишсиз болгонун айтты.

"Биз Коопсуздук кеңештен көп нерсени күткөнбүз. Менин оюмча, президент өзүнүн алгачкы Коопсуздук кеңешиндеги чечкиндүү аракетинен кайткандай элес калтырды. Бул нерсени коом начар кабыл алып жатат. Ал "былтыйып отурасыңар", "колуңардан келбесе, арыз жазып кеткиле" деп айтпадыбы? Мындан улам биз чечкиндүү чаралар кабыл алынат экен деп күтүп жатканбыз. Менин пикиримде, ушул жерден коррупцияга каршы күрөшүү бүттү окшойт", - дейт Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: