super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Алмаматовдун экинчи инстанциядагы ишин караган прокурорду кызматтан эле бошотпостон, ага буйрук берген адам менен биргеликте жоопко тартуу керек болчу". КҮНСОБОЛ

 

Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бүгүн, 28-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынынын чечимине кол койду. Анда айрым министрликтердин, мекемелердин жетекчилерине чараларды көрүү сунушталды. Ошону менен катар эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун экинчи инстанциядагы ишин караган прокурорду кызматтан эле бошотпостон, ага буйрук берген адам менен биргеликте жоопко тартуу керек болчу деген ойдо.

"Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында Насирбек Алмаматов тууралуу айткан сөзүнө толугу менен кошулам. Азыркы күндө баарыбыз билебиз, катардагы прокурор өйдө жактын макулдугу жок бошотпойт. Чыныгы коррупция менен күрөшөбүз десек прокурорду жумуштан гана бошотпостон, ага иш козгоп беттештирүү кылса, ал ким буйрук бергенин айтмак. Ошол буйрук берген адам менен бирге ага кылмыш иш козгош керек болчу. 15 миң сомдук дарыны уурдап алган жаранды 5 жылга эркинен ажыратышты. Миллиондогон акчаны тоногон адамды, мамлекетке зыян кылгандарды жөн эле жумуштан алып жатышат. Бул нерсени катуу көзөмөлдөп, катуу жаза болушу керек", - дейт Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: