super.kg logo

Казакстан Ухан шаарындагы 61 студентти мекенине алып келет. Өлкөгө кайткандарга 14 күн карантин жарыяланат

 

Казакстан коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан 61 студентин эвакуациялайт. Студенттер мекенине алып келингенден кийин 14 күн бою атайын палатада (изолятор) болот. Мындай маалыматты казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда Казак бийлиги Кытай Эл Республикасына кайрылып, Ухан шаарында билим алып жаткан 61 студентти эвакуациялоону уюштуруп берүү маселеси менен кайрылган. Ага ылайык, атайын учак жөнөтүлүп, казак дарыгерлери кошо барары айтылды.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан улам Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тез арада 3 миллиондон ашуун ар кандай бет каптарды алат. Өлкөнүн бардык ооруканаларына, медициналык жайларына 2 миллион 500 миң медициналык бет кап жана 1 миллион 300 миң респиратордук бет кап алынары маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.01.2020. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактай кор. Биздин студенттерибиз эмне болот экен?
29.01.2020. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз дагы күтүп отура бербей даярдана беришибиз керек окшойт го я.....
29.01.2020. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер уктап атат.Стунденттерге да карантин жок
29.01.2020. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JaneEr, эч себепсиз эле карантин жарыялана береби? Оору Кытайда чыгып жатса, Кыргызстан эмне үчүн өзүнүн студенттерине карантин жарыялаш керек? Логикага сыйбаган пикир.
29.01.2020. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар Кытай МИДине кайрылуу жасашкан, алар жооп бере элек, бербейт да болуш керек, анткени, шаарга кирүү да, чыгуу да токтотулган. Ошондуктан, бул тек гана аракет. Ал эми биздин студенттерге - сабыр жана ден соолук!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: