Ысык-Көлдө чарчап калган 11 айлык наристеге жасалган медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ооруканада 11 айлык наристе чарчап калган. Ал эми наристеге жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Кыздын денесинде көк ала тактар катуу урулгандан улам пайда болушу мүмкүн. Бирок аны так аныктоо максатында тийиштүү адистердин катышуусунда комплекстүү экспертиза өткөрүү зарыл. Бүгүн, 29-январда Каракол шаарындагы адистердин чыгарган экспертизасы толук бойдон Бишкек шаарына жөнөтүлөт", - деди басма сөз кызматынан.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ооруканасына 11 айлык наристе чарчап калган. Ал бейтапканага 10-январдан 11-январга караган түнү саат 02:20да келип түшкөн. Наристе келгенде эле комага түшкөн. Анын башында шишик жана денесинде анча-мынча көк ала тактар болгон. Ал эми наристенин жакындары ал сасык тумоо менен ооруп жаткандыктан, ага массаж жасаганын айтып беришкен. Чарчап калган кыздын апасы Түркияда иштеп, аны таенеси багып жаткан.






1 |