super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Ухан шаарында окуган кыргыз студенттерин өлкөгө алып келүү үчүн коңшу мамлекеттер менен биргеликте аракет кылуу керек"

 

Депутат Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухан шаарында окуган кыргыз студенттери менен сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ Ухан шаарында окуган студенттерге телефон чалдым. Ал жакта 14 кыргыз студенти бар. Бир дагы студентибиз дартка учураган жок. Бул жакшы. Башка мамлекеттер жарандарын ал шаардан алып чыкканга аракет кылып жатышат. Биз дагы коңшу мамлекеттер менен чогуу студенттерди алып чыкканга аракет кылышыбыз керек. Ошону менен катар эле алар тамак-ашка, бет капка акчабыз түгөнүп калышы мүмкүн деп айтышты. Бул нерсени караштырып көрүү керек", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: