super.kg logo
  Спорт  

Ильзат Ахметов Орусиянын эң кымбат футболчуларынын катарына кирди

 

Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн жаш футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын эң кымбат футболчуларынын арасынан ТОП-20га кирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын эң кымбат футболчусу болуп Марио Фернандес (ЦСКА) табылган. Фернандестин баасы дээрлик 30 миллион еврону түзөт.

Алдыңкы бештикке кирген футболчулар: Александр Головин (Монако) 25 миллион евро, Алексей Миранчук (Локомотив) 18 миллион евро, Артём Дзюба (Зенит) 16 миллион евро жана Фёдор Чалов (ЦСКА) 16 миллион еврого бааланган.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыккан Ильзат Ахметовдун трансфердик баасы 7 миллион 500 миң еврону түзүп, Орусия курамасынын эң кымбат 20 футболчусунун ичинен 20-орунду алды.

Белгилей кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Футболдук карьерасын алгач бишкектик "Алга" клубунда ойноо менен баштаган. Учурда Ахметов орусиялык ЦСКА клубунда негизги курамда ойноп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
29.01.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик сага Ильзат ! ЦВБП !
29.01.2020. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Даагы башталат мунун бизге эмне кызыгы бар эмнеге чыгардыңар деген ***** сөздөр.

Кыскасы куттуктайм, татыктуу болчу, өсө бергин!
29.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильзат азаматсын.
Ийгиликтерди жарата бергин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: