super.kg logo

Тимур Файзиев: "Кыргыз өлкөсүнөн кетүү шарт эмес. Бул жактан деле ийгиликке жетсе болот!"

 

Тимур Файзиевдин "Кылымдын 3 өзгөчөлүгү" аталышындагы бизнес-тренинги 25-январда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өттү. Иш-чарага келүүнү каалагандардын саны 6 миңден ашык болду. Ал эми Спорт ордосунун залы 2 миң 200 кишиге ылайыкташкан. Бул күнү ийгиликтүү ишкер, коомдук ишмер, Elite House компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиев ар бир жарандарга ийгилик сырлары, өзү колдонгон жашоо принциптери, баалуулуктары менен бөлүштү. Иш-чара Elite House компаниясы тарабынан даярдалган кыргыз спортчулары үчүн Даңк дубалынын салтанаттуу ачылышы менен башталды.

Эске салсак, былтыр компаниянын жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык программасынын алкагында Спорт ордосунун залында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Спорт ордосунун жетекчиси Канат Шабданбаев, анын орун басары Самат Токтоналиев жана Тимур Файзиев Даңк дубалынын лентасын кесип, расмий түрдө ачылганын жарыялашты. Самат Токтоналиев Elite House компаниясына жана анын жетекчиси Тимур Файзиевге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Даңк дубалы чыгаан спортчулардын сүрөттөрү менен толукталарын белгиледи.

Тренингде Тимур Файзиев сүйлөп жатканда лазердик шоу коштоп турду. Elite House компаниясынын жетекчисинин сахнага чыгышын залда отургандар чыдамсыздык менен күтүп отурушту. Мындан улам ал сахнага чыкканда овация менен тосуп алышты. Тимур Файзиевдин чакыруусу менен сахнага чыккан белгилүү тренер Фархад Мамбетов 21-кылымдын 3 өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди. Фархад Таалайбекович өзгөчөлүк деп - ылдамдык, өзгөрүү жана кризисти атады. Ал эми Elite House компаниясынын жетекчиси бул теманы экинчи тарабынан ачып берди. Анын айтымында, ийгиликтүү болуу үчүн адам өзүн-өзү өстүрүүнү токтотпоо кажет.

Тимур Файзиев бүгүнкү кылымдагы 3 өзгөчөлүк - бул моралдык жана материалдык баланс, дайыма бул жаатта илим алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал ийгиликке жетүү үчүн окутуулардын ролу чоң экенин кошумчалады. Мындан улам Тимур Файзиев тренингдерди өткөрүп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. "Сенин артыңда калтырган эң жакшы ишиң - билим" дейт Файзиев. Elite House компаниясынын глобалдык максаттарынын бири 1 миллион кишиге окутуу өткөрүү.

Тимур Файзиевдин айтымында, мындай тренингдер дайыма Бишкекте жана өлкөнүн көпчүлүк шаарларында өтүп турат. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Файзиев күйөрмандар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Тренингдин катышуучулары койгон максаттарына жетүү үчүн жаңы нерселерди үйрөнүп, энергия алышканын билдиришти. Дал ушундай максатта Тимур Файзиев кыргызстандыктар үчүн тренингдерди акысыз өткөрүп келет. "Кыргыз өлкөсүнөн башка жакка кетүүнүн кажети жок. Бул жактан деле ийгиликке жетишсе болот. Жөн гана иштегиле!", - деп аудиторияга кайрылды Тимур Файзиев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(11)
29.01.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура аны элдин баары билет Кыргызстандада иштеп тапса болорун бирок сенин атандай бир домкрат керек анан бир жумуш баштаарга коко тыйын жок айла жоктон самсып кетип жатат чет жакка алардын арасында экиден кызыл диплому бар адамдары да бар
30.01.2020. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,Шайлоо жакындап баратат....
29.01.2020. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул РМдын акчасын яман чачтиго
29.01.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assanov97,рм ким?
29.01.2020. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bars.,лимон
29.01.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул дагы бизнес. Тренинг деп канча акча тапты болду экен. Азамат ушунтип акча таап жатат, биз болсо жатабыз коменттарий жазып койуп.
29.01.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talas0707,бекер тренинг деп турат
29.01.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул ырчыбы эмне, сахна укмуш го.
29.01.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,Стройкада иштейт бул, до ключа жасайт бригадасы менен!!!
29.01.2020. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ стоп, Элит Хаус Матраимовдорго тийиштуу беле? Акыркы чакта ушу баланы коп коргозчуу болдунар. Жакшы жышаан эмес.
31.01.2020. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keku00,бул жеке ишкер,бизнесин озу туптогон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: