Депутат жумушсуздарга жөлөк пул үчүн бөлүнгөн каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге берүүнү сунуштады
Депутат Руслан Казакбаев жумушсуздарга жөлөк пул үчүн бөлүнгөн каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов 123 жумушсуз жарандарга 300 сомдон жөлөк пул бериле турганын айтты. Ал билдиргендей, бул үчүн жылына 5 миллион сом бөлүнөт. Казакбаев мындай болбой турганына токтолду. “Бул каражатты пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берүү керек. Ден соолугу бекем адамдарга 300 сомдон төлөгөн туура эмес”, - деди Казакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
JaneEr

29.01.2020. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушсуздарга да бербей,пенсионерге да бербей жегиле чондор.Ошону да жмоттоноуп атасынар.Жумуш жок ачкадан олсо боло берет бей-бечараларга.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.