super.kg logo

Ирина Шейк Брэдли Купер менен ажырашуусу боюнча үн катты

 

Орусиялык модель Ирина Шейк актёр Брэдли Купер менен ажырашкандыгы тууралуу алгачкы жолу комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Интервьюда Ирина мүнөзү оңой эместигин жана бирөө жашоосунан кетсе, өмүр бою чийип саларын айткан. "Менимче, кайсы мамилеге болбосун сен жакшыны да, жаманды да алып келесиң. Жаратылыш өзү ушундай. Эки жакшы адам сөзсүз жакшы түгөй боло бербейт. Биз ортобузда болгон мамилени жакшы жеңе алдык. "Бсыз" жашоо - бул жаңы жашоо.

Мен чынында бардык байланышты үзүп салам. Менимче, мындай муздак аракеттен айрымдар коркушат. Ошол нерсенин ичинде интервьюда ыйлап отурган ак көңүл, боорукер кыз болорун көпчүлүк биле бербейт", - деген ал.

Түгөйлөр ажырашканы менен атасы бат-баттан кызынан кабар алып, Ирина чет өлкөгө кеткен учурда жанында болору айтылып келет. "Жалгыз бой эне, жумушчу аял жана тарбиячылык абалдын ортосунда баланс табуу кыйын. Кээде туруп "Кудай, мен эмне кыларымды билбейм, мен кулап калам" деген учурлар болот", - дейт модель.

Эске салсак, буга чейин Ирина Шейк менен Брэдли Купердин ажырашканы тууралуу маалымат айтылып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.01.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунуку дагы жакпай калса керек да биринчи Роналду менен журду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: