super.kg logo

Сапар Исаков: "ЖЭБ боюнча долбоор ишке ашып жатканда ар бири ага катыштыгын көрсөткүсү келчү"

 

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда.

Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берип жатат.

Ал өз сөзүндө, "СМЕС" компаниясынын сунуштаган долбоору кытай компаниясынын ЖЭБ боюнча сунуштаган долбоорунан 38 миллион долларга кымбат болгонун белгилеп өттү. Мындан тышкары, Исаков ЖЭБ боюнча долбоор ишке ашып жатканда көпчүлүк адамдар кызыкдар болуп, ага катыштыгын көрсөткүсү келгендигин айтып, кылмыш иши козголгондо алардын көбү жоопкерчиликтен качып кеткенин кошумчалады.

“Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарынын алкагында бир катар маанилүү жана салмактуу иш-кагаздарга кол коюлган. Алардын арасында ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоор дагы бар эле. Биздин мамлекеттин тарыхында биринчи жолу Кытай менен Кыргыз мамлекетинин мамилеси стратегиялык кызматташуу деңгээлине жеткен. Мындай масштабдуу жолугушуунун негизинде бир катар макулдашуулар кабыл алынган. Ошону менен ЖЭБди жаңылоо боюнча иш-чаранын планы түзүлүп, аны өлкө башчы өзү бекиткен. Мындан кийин бардык ведомстволор өздөрүнүн компетенциясынын алкагында иш алып бара баштаган. Бирок макулдашууну ишке ашыруу боюнча негизги жоопкерчилик өлкөнүн тышкы иштер министрлиги менен президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүмүнө жүктөлгөн. Чынын айтсам, ЖЭБ макулдашуусу президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн иши эмес болчу дегендерге таң калып жатам. Анда ал иш кимдин компетенциясына кирмек эле?” - деди Исаков.

Исаков ЖЭБ боюнча долбоорду ишке ашыруу кечиктирилсе, долбоордун баасы дагы кымбаттамак дейт. “Бул эл аралык практика” деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.01.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акчаны кредитке олчойгон сумма менен Кытай берди,тетиктерди олчойгон суммага Кытай сатып алды.Олчойгон суммага бутуруп берди.Же жакшы жасалса экен.Ошонун баарын билип туруп, кол койгон силер куноолуусунорбу?Кол койгон силер,карызды тологон эл.Ошончо акчаны эл кантип толойт деп ойлодунарбы?Кытай карызды эч качан кечпейт.Кытай менен мамиле кылбагыла.
29.01.2020. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Коп актана бербей кылган ишине жооп бер
29.01.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сапар сары 111 млн доллар акча кана?
29.01.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
сөздү көбөйтпөй 111 млн долларды ордуна коюп кой балашка
29.01.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АНда эмнеге тергоодо Сапар Исаков 11 жолу Кытайга жашыруун барды деп журот.
29.01.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сапар деле Атамбаевди туурап соттук отурумду узартууну каалап жатат. Андан көрө акчаны мамлекетке кайтар.
29.01.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшылык кылалы деп катышкысы келген да. ЖЭБ шаар учун да, тургундар учун керек нерсе. А силер жеп калыш учун озунор эле суйлошуп бутуро салгансынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: