super.kg logo

Сапар Исаков: "Депутат Кожобек Рыспаев "СМЕС" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн"

 

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.

Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берип жатат.

“Иштин материалында Кожобек Рыспаевдин көрсөтмөсү дагы тиркелген. Анда депутат мага каршы көрсөтмө берген. Мен бул айыптын негизсиз экенин айткым келет.

Эмнеге? Анткени ЖЭБди жаңылоо боюнча макулдашууга 2013-жылы кол коюлган. 2014-жылдын 25-апрелинде мамлекет ичинде жасалчу бардык процедуралар аяктаган. Ал эми 2017-жылы ЖЭБдин курулушу соңуна чыгып калган. Эми ошол 2017-жылы маалымат сайттарынын бирине депутаттын ЖЭБ долбоорун сындаган макаласы чыккан. Ал материал чыгары менен бизге Кытай тараптан чалуу болгон. “Биз түшүнбөй жатабыз. Кайсы жерден кемчилик кетирдик? Кантип парламент депутаты мындай ишке барды?” деген нааразычылыктарын билдиришкен. Ошондо мен бул ишке жооптуу киши катары Рыспаев менен жеке жолуккам. Мен: “ММКда айткан материалдар боюнча далилдер барбы?” деп сурагам. Ал жок деп жооп берген. Мен Рыспаевге стратегиялык өнөктөштөргө айып коюудан мурда фактылар болуш керектигин түшүндүргөм. Ошондой эле депутаттын далилдерди табуусуна жолтоо болбошумду билдиргем. Кожобек Рыспаев макул болгон. Бирок өзүнүн айткан сөздөрүнө далил табууга аракет дагы кылбаптыр. Көрсө, ал мурун эле "СМЕС" компаниясынын кызыкчылыгын колдоп жүрчү экен. Мен бул тууралуу кийин Чыныбай Турсунбековдон уктум”, - деди Исаков






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
29.01.2020. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Койчу ай сапар 630 долларга кычкач алганыңды баарыбыз эле билебиз да
29.01.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кычкач менен музейдеги аттар, ТЭЦтин акчалары аз акча эмес да. Ошонун баарын ордуна кой да .
29.01.2020. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
САПАР 111 МЛН ДОЛЛАР КАНА?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: