super.kg logo

Матраимовдун доосу боюнча соттук кароону башка районго өткөрүп берүү боюнча "Азаттыктын" өтүнүчүн сот канааттандырган жок

 

Матраимовдордун 3 сайтка карата жазган доосу боюнча соттук отурум уланууда. Буга чейин "Азаттыктын" өкүлү Свердлов райондук сотуна карата ишенбөөчүлүк болуп жатканын жана аталган сайт Бишкек шаарындагы Ленин районунда жайгашкандыктан, Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Сот кеңешме залынан чыгып, бул өтүнүч канааттандырылбаганын айтты. Сот буга чейин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн бир да жолу сотту чакыртып алуу өтүнүчү болбогондугу менен түшүндүрдү.

Андан кийин "Клооп" жана "Азаттыктын" өкүлдөрү "ХалыкБанк" аркылуу иликтөөдө жарыяланган акча которуулардын документтерин алып келишкенин, анда 2011-2017-жылдар аралыгындагы которуулар бар экенин айтышты. Бирок Матраимовдордун жактоочусу иликтөөдө жарыяланган жети акча которуунун датасы, суммасы жазылган далилди алып келүүнү айтышты. ЖМКнын жактоочулары банктан бул далилдерди өз алдынча алуу мүмкүн болбой жатканын айтышты. Доогердин өкүлдөрү иликтөөнү жарыялоодон мурун далилдер болушу керек экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
29.01.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Силерге эмне сот оюнчук беле тиякка биякка жылдыра турган. Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алат.
29.01.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул сот ишинде эч бир акыйкат болбойт. Азыркы соттор сокенин кландык режимге гана иштеп калыптыр.
zhaku2017 түзөттү 2020-01-29 17:32:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: