Бишкекте Балдарды өнүктүрүү борборунун тарбиячысы сейилдөөгө алып чыккан кызды жоготуп алган

Бишкекте Балдарды өнүктүрүү борборунда окуган кыз тарбиячысы менен сейилдөөгө чыкканда жоголуп кеткен. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 29-январь күнү саат 14:10 чамасында Кайгуул милициянын кызматкерлери Токтогул көчөсү менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыздын жалгыз жүргөнүн көрүшкөн. Анын аты-жөнүн, жалгыз жүргөнүнүн себебин сурашканда, 2013-жылы төрөлгөн Б.А. аттуу кыз экендигин жана жашаган жерин издеп жүргөнүн айткан. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан ыкчам издөөнүн жүрүшүндө жашы жете элек кыз Балдарды өнүктүрүү борборунун тарбиячысы менен сейилдөөгө чыгып, адашып кеткендиги белгилүү болду. Кайгуул милициянын кызматкерлери кызды борборго тарбиячыларына жана апасына алып барып беришти", - деп жазылат маалыматта.



