3 миң сом айып салынды. Борбор калаанын сейил бактарында жүргөн жылкылардын ээси табылды



Бишкектеги "Ата-Түрк", "Ынтымак" сейил бактарында оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылып, айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин жылкылардын тобу борбор калаанын ар кайсы районунда жайылып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар интернет колдонуучулар тарабынан айтылып келген.
"Шаардык сейил бактар башкармалыгынын кызматкерлери "Ата-Түрк" багында жайылып жүргөн жылкыларды бүгүн, 29-январда эртең менен кармашып, санитардык-экологиялык инспекциясына кайрылышты. Кийинчерээк жылкылар Чоң-Таш айылындагы тургунга таандык экени аныкталды. Бул боюнча протокол түзүлүп, малдын ээси 3 миң сом айыпка жыгылды", - деп билдирет мекеменин маалымат катчысы.
Учурда жылкылар жашыл зонага кандай зыян келтиргени текшерилип жатат.














1 |