super.kg logo

Ошто "Бандит" аталышындагы рейд учурунда 59 кылмыш ишинин бети ачылды. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

23-январдан 25-январга чейин Ош шаарынын аймагында “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өттү. ИИМдин маалыматына ылайык, иш-чара уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү максатында өткөн.

Ыкчам алдын алуу иш-чарасы “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлдү. Ички иштер органдарынын бирдиктүү мобилдик тобу калк топтолгон жерлерди (мейманкана, түнкү клуб, кафе-бар) текшерүүгө алышты. Натыйжада ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 31 жаран, анын ичинде “Дженго” каймана аты менен белгилүү К.Д. дагы кармалып, маектешүү үчүн Ош ШИИБине жеткирилди. Кармалгандардын колунун манжаларынын издери алынып, сүрөткө тартып, расмий эскертүү берилди.

Жашаган жерлери боюнча ИИМдин ыкчам каттоосундагы кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 35 жаранга дагы алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда 59 кылмыш ишинин бети ачылып, "бейбаштык" фактысына шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган У.М. кармалды. Андан сырткары, ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн төрт жаран кармалып, дайынсыз жоголгон эки жарандын кайда жүргөндүгү аныкталды.

Автотранспорт каражаттарын текшерүүдө 28 жол кыймылынын эрежесин бузуу, анын ичинде 6 факты транспорт каражаттарын мас абалында башкаруу, унаасынын терезесин мыйзамсыз карангылаткан 22 факты аныкталды.

Учурда ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иштерин улантып жатат.






Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.01.2020. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле кылмыштуу топтун мучосу болуп кеткен го...
29.01.2020. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки кундун биринделе кармалды деп окуйбуз.Анан эле дагы кармалды деп окуйбуз.Чыгарып ийишип кайра кармашабы бир эле адамды .Же Кыргызстаныбызда бут эле опг болуп кеткенби? Х З
30.01.2020. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир рейдде ушунча кылмыш ишин ачып ийсе укмуш го. Деги калдыбы Ошто бирөө жарым. Канча күндөн бери баланча кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармадык деп эле атышат. 59 кылмышты бир күндө ачса кино биякта эле калат экен да
30.01.2020. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мышык чычкан ойношот кармап кайра койо берип.Показуха кылмай эле типа иштеп атабыз дешип.
30.01.2020. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менттеринен зектер коп деп туура ырдаган экен Момбеков деген ырчы.
30.01.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карта ойногондорго кошуп ойноткон жайларды дагы камака алгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: