super.kg logo

Мэрия: Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок

 

Кечээ, 29-январда Бишкек мэриясында шаардык муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаевдин жетекчилиги астында коронавирустун шаар ичинде жайылышын алдын алуу боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Анда Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруп алуу боюнча бир дагы учур катталбаганы айтылды.

"Жыйында борбордогу кырдаал боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаменти, билим берүү башкармалыгы жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, райондук акимиаттар жасалып жаткан иштери тууралуу отчёт беришти. Билим берүү мекемелеринде окуучулардын жана тарбиялануучулардын санында кескин өзгөрүүлөр байкалбаганын билим берүү башкармалыгы билдирди. Тагыраагы, ооруп келбей калгандардын саны жогорулаган эмес. Ооруканалар дезинфекциялоочу каражаттар, медикаменттер жана коргоочу кийим-кечелер менен жетиштүү деңгээлде жабдылганы жыйында белгиленип өттү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Балбак Түлөбаев вирустук оорунун алдын алуу боюнча шаардык жана райондук кызматтардын ишин координациялоочу шаардык штаб түзүүнү жана жасалган иштер тууралуу отчёт берип турууну тапшырды.
Учурда атайын кызматтар шаардагы эпидемиологиялык абал боюнча күнү-түнү мониторинг жүргүзүп жатышат.

Мэрия шаардыктарды саламаттыгына сак болууну, алдын ала коргонуу чараларын аткарууну жана социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөнү суранат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.01.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын эми!
30.01.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арстан Алай турганда коркууга кажет жок деген менен, сактансан сактайм деген. Биринчиден озубуз сак бололу. Биз баарын окмотко президентке шылтап конгон элбиз.Озубуз ката кылсак да соңунда ошолор куноолуу деп тура беребиз.
30.01.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Absamat-90,Арстан Алай биринчи жоноткон энергиям адашып Австралияга кетип калыптыр кайра ондоп Кытайга жоноттум дейби деп ооурам
30.01.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коронавируска каршы вакцинанын табылганын айтышууда биттен пил жасоонунун кереги жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: