super.kg logo

Эми автоунаалар өзүбүздүн өлкөдөн чыгат! Ошто Борбор Азиядагы эң ири завод курулууда

 

Кыргызстанда ички жана тышкы миграция күч алып, жумушсуз жаштардын саны өсүп жаткан учурда өлкөбүзгө чоң завод-фабрикаларды куруу, жаштарды иш менен камсыз кылуу негизги маселе болуп саналат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жакында түштүк борбордо заманбап машина куруучу завод ишке кирерин маалымдады.

“Бул ишкана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи машина куруучу завод болуп эсептелинет. Завод Европанын заманбап жабдыктары, техникалары менен жабдылат. Бул заводдо энергетикалык жабдыктар – гидротурбинал, генераторлордун ар кандай түрүн чыгаруу пландалууда. Андан тышкары, бул компаниянын жетекчиси Нурбек Осмоновдун сөзүнө таянсак, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалууда”,- деди Сарыбашов.

Ал бул өндүрүш ишканасы 3 гектар жерди ээлей турганын айтты. “Андан чыгарылган өндүрүш өлкө ичинде эле эмес, өлкөнүн сыртына да керектелерине үмүт бар. Андан тышкары, бир нече жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Ушул ишкананын курулушуна абдан көп күч жана каражат жумшаган “Каганат инвест” холдингинин жетекчиси Нурбек Осмоновго терең ыраазычылык билдиребиз!” - деди шаар башчысы.


Заводду "Кыргыз унаа курулуш" компаниясы куруп жатат. Бул “Каганат инвест” холдингине караштуу компания болуп эсептелинет. Заводдогу иштөө процесси максималдуу автоматташтырылган, Европадан жогорку квалификациялуу адистер чакырылат. Чет өлкөдөн келген эскилиги жеткен автоунааларды сатып алгандан көрө, өзүбүздөн чыккан өндүрүштү колдоп, жаңы, заманбап техникаларды, унааларды сатып алганыбыз алда канча ыңгайлуу.

Бизде биринчи жолу машина жана техникалык жабдыктарды кура турган завод түптөлүп жатканы кубанычтуу. Оштогу ал заводдун биринчи этабы курулду. Курулуп жаткан заводго өтө кымбат баалуу, сапаттуу жабдуулар келип жатат. Ал ишкананын эң башкы багыты – бир гана автоунааларды эмес, станокторду да чыгарышат. Бул заводдун курулушун Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жатканын мамлекеттик долбоор катары бааласак болот. Мисалы, жеке ишкер ишкана ачып, ага техникалык жабдыктар керек дейли, маселен, чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатат. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду ушул завод чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгаргысы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, Кыргызстанда мындан башка да завод-фабрикалар ачылып, иштеп кетиши үчүн бул завод аларга техникалык жактан абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат.

Азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, турбогенераторлорду чыгарат. Кичи ГЭСтерди курууга кызыккан ишкерлер турбогенерторлорду ошол өзүбүз чыгарган заводдон алса болот.

Чындыгында, азыркы тапта Кыргызстанда кичи завод-фабрикалар бар. Алардын көпчүлүгү станок, техникалык жабдыктарды чет өлкөдөн же Кытайдан алып келишет. Эгер бул завод курулуп калса, техника-жабдыктарды алуу үчүн чет өлкөгө барбай эле, өзүбүздөн чыккан өндүрүштөн сатып алса ыңгайлуу жана бир топ каражатты, убакытты үнөмдөй алышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(57)
30.01.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Машина завод дагы жакын кездеме чыгаруучу (текстил)завод бутот 7 адам иш менен камсыз болотурган москвага келип иштоого шылто жок болуп калат экен буйруса
30.01.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оркундоп осо бер Кыргызстан.
30.01.2020. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Конулдуу которот го.
Кандай сонун жанылык.
Кыргызстан онуп осо бергин.
Жеке ишкерлерге рахмат!
ЖЕР СЕМИРТУУЧУ ХИМИКАТТАРДЫ чыгаруучу заводдор дагы курулат деп ишенемин.
30.01.2020. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оштогу машина завод менен 7000кишилик тигуу цехи жакын эле бири бирине,бирок шаардын четинде болгону да жакшы болду.Жапалак,дача,ДэУ,Южныйдагы жашоочуларга удобно болот экен
30.01.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшы экен
30.01.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы улгудогу машина чыгат ошондо?
30.01.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kushu_bek,Ниссан "Нурбек"деген машинадан башталат бир болсо
30.01.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арзан болсо эле болду
30.01.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Охоо жакшы жаңылык тезирээк эле ачылса экен
30.01.2020. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
МашАллах мындай ишканалар коп болсун ылайым!!! Биз да онолойлу туугандар , бири бирибизди сыйлайлы .Маданиятту болойлу !!
30.01.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун жанылык.
30.01.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Боллт экен го. Салымбековго окшоп озунун акчасын бекитип кытайлардын акчасына кызыгып элине кыянат кылбай эле кызмат кылаибер азамат жигит.
30.01.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мынча жакшы. Сонун жанылык.
30.01.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өтө жакшы сонун жаңылык, кубанычтамын. Өлкөбүз өнүгүп өссүн.
30.01.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
жакшы иштеген эки адам эле кылып койсо болот экен го, бириси шарт тузуп берет экинчиси курат, премьер, министр, 120 бетикатыктар кыла албаганды экоо эле чечип жасап атышыптыр
30.01.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ Кудайым эй, бизде да жакшы жанылык болот экен аа. Ушул иштин башында тургандарга ийгилик. Суйундуруп койдунар, канча адамга иш орун болот экен. Кудайдын кулагы суйунсун.
30.01.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик. Конкуренция туруштук бере турган сапатту чыгарсанар болду. Мени биринчи чыккан автого жазып койгула. Аламын.
30.01.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сонун жаңылык экен! Курулуп бүтүп эл тентибей өз жерине кызмат кылсын. Оштуктар укмушпуз деп бөлүнбөгүлө! Ош дагы Кыргызстандын жери. Эң негизгиси бирдиктүү кыргыз эли бололу?
30.01.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ресторан, кафе кура бербей, ушундай завод, фабрика курса болот экенго, кичине болсо да, иш орундар менен камсыздалып, элге жана мамлекетке пайда алып келет, азаматсыңар ишиңерге ийгилик, өнүгүп өсө бер Ош шаарым, өнүгүп өсө бер Кыргызстаным.
30.01.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жанылыкка эмес, жазылган комментарийлерди окуп козумо жаш келди. Элим ушшшшшунчалык денгээлде ынтымакка, олкобуздун онугуусуно, сырттан тажап, уйуно кайтууга, ж.б. ушул сыяктуу нерселерге чанкап турганын коруп.....
30.01.2020. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Саясаттан тажап буттук....
30.01.2020. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өтө сонун жаңылык ийгилик каалайм
30.01.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чет элде иштеп жүргөн мекендештерибизге,өзүбүздүн өлкөбүздө иш менен камсыз болсок, кандай жакшы болор эле айла жок жүрөбүз талаалап
Aroiz түзөттү 2020-01-30 20:13:51
30.01.2020. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
"Бул завод иштеп калса"-деп атышат го пока качан иштейт белгисиз, күмөн саноо менен айтышат го...
30.01.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
korea,малга окшобочу, ошону да коро албайсын! Кумон санабай эмне деши керек эле? Бардык нерсе Аллахдан. Ал кааласа иштейт да!
30.01.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буюрса Аллах биз менен болот!
30.01.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун жанылык цех бутсо жумушка орношум керек экен. Оссо берсин кыргыз элим. Кыргызстаным
30.01.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай сонун,элибиз эч жака тентибей уйдо ата-эне,бир тууган,кыз-балдары менен чогуу жашап ар бир жаран иш орду менен камсыз болсок экен
31.01.2020. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер жанылык
31.01.2020. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мам.ишканаа куруп жатат дейби? ошондой болсо рентабелдуу болоору кумон.Бизде профес-на эмес, тааныш-билишине,шапкесине карап жумушка алышат.Машина куруу бул министирлик,акимиат,айыл окмот эмес да барып келип журо бергидей.
31.01.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жаңылыкты окуп сүйүнгөнүмөн кайненеме чалып ден соолугун сурадым көзүмө жаш тегеренип кетти таң гөрү
31.01.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйунбой тура тургула алды менен бутсун 7мин оорунду цех ишке кире елек будан 4 жыл мурун реклама болгон еле бутсун ишке тушсун
31.01.2020. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlanspb,ниетинди түз койчу. Мен башка өлкөнүн жараны болсомда кыргызмын. Кыргыз жеринде мындай иштер үчүн аябай кубанычтамын
03.02.2020. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlanspb,мынча ичиң тар , көрөалбастыктан качан кутулабыз жакшы ниет кыла бербейсизби?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: