super.kg logo

Чехияда аткаминерлер 16 миллион еврого жасалат деген сайтты программисттер акысыз 2 сутканын ичинде иштеп чыгышты

 

Чехияда 16 миллион еврого бааланган интернет-дүкөндүн электрондук түзүлүшүн өлкөнүн программисттери 2 сутканын ичинде акысыз иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Алардын мындай кадамы өлкөнүн Транспорт министрлигине көрсөткөн каршылык акциясы болгон.

"Бардыгы мамлекеттин акы төлөнүүчү трассаларына купондорду электрондук түрдө сатып алуу үчүн сервис түзүүдөн башталган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чехиянын Транспорт министрлиги мамлекеттен 16 миллион евро (болжол менен 1 миллиард 230 миллион 768 миң 343 сом) талап кылынарын билдирген. Министрлик ачык сынак жарыялабай туруп, компанияны тандап, аны менен келишим түзүүгө дагы жетишкен. Келишимге ылайык, акы төлөнүүчү трассаларга купондорду сатып алуу боюнча интернет-дүкөндүн сервиси 4 жылдын ичинде ишке кирмек. Бирок буга Чехиянын жарандары нааразы болушкан. Салык төлөөчүлөр катары мындай долбоордун өтө кымбат экенин белгилешкен.

Ал эми өлкөнүн программисттери мындай сервисти иштеп чыгуу көп деле каражатты, убакытты талап кылбайт дешип, аны далилдөө үчүн 2 күндүк марафон жарыялашкан. Ошентип 60 программисттен түзүлгөн топ 48 сааттын ичинде керектүү сайтты ишке киргизишкен. Трассаларга 10 күндүк, айлык, жылдык купондорду сатып алуучу интернет-дүкөн деген аталыштагы сайтка бир сутканын ичинде эле 195 миң адам кирген. Андан түшкөн акчаны иштеп чыгуучулар балдарга арналган кайрымдуулук фондуна тапшырышкан. Алгач тесттик режимде иштеп баштаган бул сайтты Чехия өкмөтү сатып алууга даяр экенин билдирген, бирок программисттер аны мамлекетке белек катары жасашканын айтышкан. Эми өкмөт бул сайтты мамлекеттик системге киргизүү жана жетишпеген функцияларын ишке киргизүү үчүн жаңы тендер жарыялады. Чехия өкмөт башчысы Андрей Бабиш кийинки келишимдин баасы көзөмөлдөнөт деп белгиледи. Эми баасы жогорулатылган мамлекеттик буюртмалар болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы электрондук системдин 2020-жылдын декабрь айында ишке кириши күтүлүүдө. Ал эми жаңжалдын күнөөкөрү болгон Чехиянын транспорт министри иштен алынганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
30.01.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мекен деп жашаган жаштар экен,
30.01.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ана ушинтип бир иш кылып анан бийликке асылса болот.
30.01.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,Туура айттыныз!!! Бийлике асылгандар угуп алышсын. Кыйратып алып анан асылгыла айтып койоюн эскертип.Окунуп каласынар соз беремин!!! Бийлик жакшы иштейт баарына шугур!!!
31.01.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,Макаланын маанисин тушунбой калдын окшойт.
31.01.2020. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mister-X,эн жакшы тушундум.мамлекет учун ушинтип бир ишти кылып анан бийликтегилерге асылса.озу бир нерсе кылып койгонсуп корунгонду свндабай дедим.Мисалы б.. курсак,120кой,ж.б.д.у.с
30.01.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматтар экен !
30.01.2020. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мендагы келечектеги програмистмин ИншаАллах
30.01.2020. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда дагы жаш, дилгирлүү,ийгиликтүү програмисттер көбөйсүн.
30.01.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы иш кылышыптыр, бирок министирин уй атка калтырышыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: