Юстиция министрлиги "Мыйзам" аталышындагы мобилдик тиркеме иштеп чыкты



Өлкөнүн Юстиция министрлиги “Мыйзам” аталышындагы мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда юстиция министри Марат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.
“Каалоочулар бул тиркемени көчүрүп алып, Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары менен тааныша алат” дейт министр.
Жыйында өлкө боюнча юридикалык жактарды онлайн каттоо долбоору дагы ишке ашырыла баштаганы айтылды.
“Мурда аймактагы жарандар документтерди тапшыруу үчүн облустук башкармалыкка барчу. Эми болсо жарандын үйүндө интернет туташылган компьютер, биометрикалык паспорт, андагы маалыматты окуган кардридери болсо документтерди онлайн тапшыра алат. Онлайн толтурулган документ үч күндүн ичинде текшерилет. Баары туура болсо, юридикалык жак деп каттоого алган күбөлүк берилет”, - деди Жаманкулов.
Коммерциялык уюмдарды каттого 3 күн, коммерциялык эмес уюмдарды каттоо 10 күн, саясий партияларды каттоого 1 ай убакыт талап кылынары кошумчаланды.





1 |