super.kg logo

Жактоочу: "Батукаевдин иши боюнча соттук отурум Раимжановдун ооруканага жатып калышына байланыштуу жылдырылды"

 

Бүгүн, 30-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурум иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы башчысы Абдухалим Раимжановдун ооруканага жатып калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Буга чейинки өткөн процесстерде Абдухалим Раимжанов өзүн начар сезип жатканын билдирген. Анда ал, учурдагы процесске катышып жаткан үч айыпталуучунун бирөө эле келбей калса отурум токтоп каларын айткан.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.01.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаев АШАнын түбүнө жетет! Батукаев баш кесерди чыгаргандар сөзсүз жазасын алсын!
30.01.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Далилдер бар ооруса деле буга чейин берген көрсөтмөсү менен чечим чыгарса болбойбу. Булар ооруй берет кезектешип.
30.01.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар акча алып жаткан учурда оорубайт да камалар алдында ооруй берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: