super.kg logo
  Саясат  

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: "Парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок". КҮНСОБОЛ

 

Быйыл Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктайт. Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Азыртадан баштап партиялар иштерин жандандырууда. Коомчулукта дагы партиялардын тизмелери, кайсы саясатчы кайсы партия менен парламенттик шайлоого аттанары талкууланууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы партиялардын кайсынысы кийинки чакырылышка шайланып келүүгө моралдык укугу бар?" деген собол салды.

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок деген пикирде.

"Азыркы саясий-экономикалык маселелерди оор абалга алып келген, парламенттеги партиялардын бирөөсүнүн да кайрадан шайлоого баруусуна моралдык укуктары жок. Аткаруу бийлигинин өзүлөрүнүн колдоосу менен түптөп коюшкан. Бирге жооп берип милдет алуунун ордуна, сын айтымыш болуп популисттик ураандар менен өзүн пиар кылган депутаттар бийлик институттарынын кадыр-баркын таптакыр кетиришип, өтө оор кризиске алып келишти", - дейт Асанбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: