Кылмыш жообуна тартылат! Кытайда коронавируска каршы дарылануудан баш тарткандар жазаланат

Дүйнөлүк маселеге айланган коронавирус кулачын жайып, жабыр тарткандардын саны өсүүдө. Кытайдын Хубэй провинциясында вируска каршы дарылануудан жана карантинден баш тарткандар кылмыш жообуна тартылат. Мындан тышкары, вирусту атайылап жуктурууга аракет кылгандар дагы жоопко тартыларын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустун жаңы түрү менен жабыркагандар, анын белгилери байкалган адамдар карантинден баш тартса, вирусту башкаларга жуктурууга аракет кылса кылмыш кылганга тете жаза алышат. Ошондой эле медицина кызматкерлерине залал келтирип, аларга кол салууга аракет кылгандар, дарыгерлерди коомчулуктун алдында кемсинтип, коркуткандар, мамлекеттик жана менчик мүлктү зыянга учураткандар өзгөчө жаза алышары айтылат маалыматта.
Бийлик тарабынан келтирилген эрежелерге баш ийбегендер айыпка жыгылып же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Tolkun555

31.01.2020. 09:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул вирус бизнес сыяктуу корунуп турат
Aikaaaa

31.01.2020. 09:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,кантип билип жатасыз?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.