super.kg logo

Бишкекте Lexus брендинин алгачкы дилерлик борбору ачылды!

 

Премиум автоунааларын чыгарган япониялык Lexus бренди Кыргыз өлкөсүндө өзүнүн борборун ачып, белгилүү болгон 5 моделдеги унаалары сатылып баштаганын жарыялайт. "Лексус Бишкек" дилерлик борборунан тандооңузга жараша унааларды накталай акчага сатып алууга, мурда айдап жүргөн унааңызды калтырып же банктык өнөктөштөрүбүздүн насыясын пайдалансаңыз болот.


Дилерлик борбор сатып алуучуларга жана Лексус унааларынын ээлерине арналат. Тагыраак айтканда, бул борбор 3S - Sales, Service, Spares (сатуу, сервис, автотетиктер) принцибинде иштейт. Мындан тышкары, дилерлик борбордо "омотенаши" эрежеси - Япондордун кылымдардан бери келе жаткан салтына төп келген биргелешкен кынтыксыз сервис, меймандос мамиле жана жагымдуу маанай тартуулоо эрежелери бекем каралган. Омотенаши - Япониянын маданий бир бөлүгү, "Lexus" компаниясынын философиясынын маанилүү бөлүгү. Кооз дизайны менен белгилүү болгон премиялык унаалар заманбап технологияны, ыңгайлуулукту жана кылдаттыкты камтыгандыктан өтө татаал концепцияда өндүрүлөт.

Аймагы кеңири (300 чарчы метрден ашуун) шоу-румда NX300, UX 200, RX 350, GX460, LX коюлган. Тажрыйбалуу адистер унаанын техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырып, моделдерин тандоодон тышкары стилге жана жашоо ритмине жарашыктуу унааны тандоого жардам берет. Унаалардын баасы 2 миллион 500 миң сомдон башталат. Сатып алууну каалагандарга насыялоонун эң ыңгайлуу программалары сунушталып, лизинг, Trade-in программасынын алкагында эски унааны жаңысына алмаштыруу, камсыздандыруу, кепилдик берүү жана кепилдиктен кийинки кызмат көрсөтүү кызматтары жеткиликтүү.

LEXUS ТУУРАЛУУ 5 ФАКТ

1. Lexus унаасын чогултуучу адистер 25 жылдык тажрыйбага ээ жана алардын тажрыйбасы муундан-муунга өтөт.

2. "Lexus" компаниясында эмгектенген Такуминин чеберлери бир колу менен оригамилерди 90 секундда чогултат.

3. Lexus унаасын өндүрүү процесси "Такуми" чеберчилигинин философиясына негизделген. Бул концепциянын принциби - "Татыктуу максаттын жолу кыска болбойт". Бир эле тетикти кооздоо жылдар бою кынапталып даярдалат.

4. Lexus`тун дизайнердик долбоорлору унаалардын моделдери менен чектелбейт. Компаниянын өндүрүштөрүнүн арасында яхта жана ховерборд (скейтбордго окшош дөңгөлөгү жок кургакта жүрүүчү каражат) да бар.

5. Lexus унааларынын көбү дүйнөдөгү эң татаал жолдордун бири Fuji Speedway автодромунда жана немис Nürburgring унаалар жарышуучу трассасында тестирлөөдөн өтөт.


Дилерлик борбор корпоративдик стандарттарга ылайык курулган. Анда тест-драйв үчүн мейкиндик каралган жана эс алуу үчүн (суусундуктар, жогорку ылдамдыктагы интернет, компаниянын акыркы жаңылыктары жана унаалардын моделдери тууралуу маалыматтарды көрсөтүп туруучу санариптик экран) орун бөлүнгөн. Борбордун ички жасалгасына эксклюзивдүү форматтагы автордук эмеректер коюлган. Ошондой эле кардарларга аксессуарлардын кеңири түрлөрү сунушталып, унаанын ички салонунун жасалгасы үчүн терилердин түрлөрү каралган.

"Lexus Бишкек" борборунун расмий сайтына жана Инстаграмдагы баракчасына шилтеме.

Кыргыз өлкөсүндөгү "Lexus" дилерлик борборунун дареги:

Бишкек шаары, Горький көчөсү, 1 ("Тойота Борборунун" жанында).


кошулду





Бишкекте Lexus брендинин алгачкы дилерлик борбору ачылды!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.02.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жакшы машина экен Лексус.А бирок менин Тойота Лэнд Крузерим менин озумо толук жагат!
01.02.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azatbek.Svoboda.,деп эле мактанып алдын.
01.02.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
лексусту мактап матизде журо беребиз
01.02.2020. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бириниздерге Аллахым ушундай жаны машина насип кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: