ТИМ: "Кытайдагы мекендештерибизди алып келүү маселеси каралууда"

Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилиги Ухан шаарындагы Кыргыз жарандарын алып келүү маселесин карап жатышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ТИМ Кытайдагы мекендештерибиз дарегин жана телефон номерлерин билдирип коюну өтүнөт.
"Кытайдагы коронавирус коркунучу жөнгө салмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайбыз. Ошондой эле эл көп жерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медицина кызматкерлеринин айткан кеңештерин сактоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.