super.kg logo

Тарбиячылар жумушка чыкпай жаткан №5 бала бакча ачылды

 
Тарбиячылар жумушка чыкпай жаткан №5 бала бакча ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Урматтуу ата-энелер! Бүгүнкү күндөн баштап шаардагы №5 бала бакча штаттык режимде иштеп, балдарды кабыл алып жатат. 31-январга карата бакчага 115 бала келгени катталды. Бардык тарбиячылар жана педагогдор иш ордунда. Бакчада комиссия кезметте турат", - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, кечээ 30-январда бакчанын педагогикалык курамы сасык тумоо боюнча карантин деген шылтоо менен иш таштап, балдарды кабыл албай коюшкан. Билим берүү башкармалыгы бакчага барып текшерүү жүргүзгөндө ал жактагы эпидемиологиялык абал туруктуу экенин аныкташкан.
SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, бакчадагы абал карантинге эмес, ата-энелердин бакчанын жетекчисине, бакчанын шартына нааразы болуп мэрияга кайрылганына байланыштуу.
Ал эми мэриядан бакчанын жетекчиси Динара Мазымканова учурда ооруп жатканын, жетекчинин милдетин №131 бакчанын усулчусу Салима Темирова аткарып жатканын кабарлашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: