super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бааларды көзөмөлгө алуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ өз ишин Өзгөн районунан баштайт" дейт агенттиктен

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы дарыканаларда медициналык бет каптар 10 сомдон сатылып жатканын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген. Саламаттыкты сактоо министрлигинен фармацевтикалык компанияларга, өлкөдөгү бардык дарыканаларга медициналык бет каптын жана вируска каршы дары-дармектин баасын жогорулатпоого чакырганын айтат.

"Дарыканаларда жогоруда аталган медициналык каражаттар кымбат баада сатылып жатканы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги карайт. Жарандар баанын кымбатташы боюнча жогорудагы мекемеге кайрылып, даректерин так көрсөтүшү керек. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү жайларга эскертүү гана бере алат", - дешти маалымат кызматынан.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагындык Маматоморов буларга токтолду.

"Өкмөт башчы өлкөнүн дарыканаларында, медициналык жайларында сатылып жаткан бет каптардын жана дары-дармектердин баасын көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген. Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана милдеттү камсыздандыруу фондунун кызматкерлери тарабынан атайын жумушчу топ түзүлүп жатат. Түзүлгөн топ өлкөнүн 7 облусунда жана 2 шаарында текшерүү иштерин жүргүзүп баштайт.

Бааларды көзөмөлгө алууну окурмандын кайрылуусунан баштайбыз. Тагыраагы, жумушчу топ текшерүү ишин алгач Ош облусунун Өзгөн районунан баштайт", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2020. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер баштаганча качан?
31.01.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Антип эскертуу берсенер кабинетте отуруп эле телефон чалып койгула.Эч нерсени чечпегенден кийин жон эле расход кылып барып кереги не
31.01.2020. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер келгенде жалгандан беш сомдон саткан адам болуп коет
.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: