ИИМ 2019-жылдын ичиндеги ишмердүүлүгүн жыйынтыктады





Ички иштер министрлиги 2019-жылдын ичиндеги ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын 30-31-январында ички иштер органдарынын 2019-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Анда ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу каралды.
"2019-жылы милиция кызматкерлерине карата – 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде 27 коррупция фактысы, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы бар. Ал эми 2019-жылдын 12 айында жалпы 163 миң 549 кылмыштар жана жоруктар катталган. Анын ичинде 87 миң 374 кылмыш. Алардын ичинен ички иштер органдарына 78 миң 405 кылмыш катталып, жалпы катталган кылмыштардын 89,7 пайызын түзгөн, аны менен бирге ички иштер органдарына 75 миң 253 жоруктар катталып, жалпы катталган жоруктардын 98,7 пайызын түзгөн.
Ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкеринин ишмердүүлүгү жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо менен бирге адамдар менен мыйзам чегинде мамиле куруу принциптери менен иш алып барат", - деди министр Кашкар Жунушалиев.
Ошондой эле коллегиянын чечими менен Ички иштер министрлигин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы М.Бопушев, Түп РИИБинин башчысы Д.Исаков. Жети-Өгүз РИИБинин башчысы, Т.Исаев, Чүй РИИБинин башчысы Ч.Шаршеналиев, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Талас облусунун бөлүм башчысы У.Самудинов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.








1 |